Бүгүн, 20-июнда парламенттин комитетинде талаштарды сотко жеткирбей чечүүгө багытталган мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.
“Медиация жөнүндө” мыйзам долбоорунун демилгечи депутаты Асел Кодуранова билдиргендей, талаш-тартыштарды чечүүнүн альтернативдүү ыкмасы катары медиация институтун колдонуу үчүн укуктук шарттар каралган. Адилеттикке жетүүнү жөнөкөйлөтүүгө жана жакшыртууга түрткү бере турганын белгиледи. Ошондой мыйзам долбоор кабыл алынса, медиаторлор 6 айда даяр боло турганын кошумчалады.
“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев мыйзам долбоорду экинчи окууга кайтарып, медиацияны 2019-жылы ишке кирсин деп өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Бирок депутаттар мыйзам долбоорду колдоп беришти.