Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Португалиянын борбордук бөлүгүндөгү токойлордогу өрттүн кесепетинен улам көп адамдардын каза болгондугуна байланыштуу Португалиянын президенти Марселу Ребелу ди Созага көңүл айтты. Бул тууралуу 20-июнда президенттин маалымат кызматы кабарлады.
“Кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтуумду, жаратылыш кырсыгынан жапа чеккендердин баары тезирээк сакайып кетишин кааларымды жеткирип коюуңузду өтүнөм”, - деп белгиленет президенттин телеграммасында.
Эскерте кетсек, Португалиянын Лейрия округунда 17-июнда чыккан өрттөн каза тапкандардын саны 62ге жетип, 18-19-20-июнь күндөрү аза күтүү күнү деп жарыяланган.