Бишкекте ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда антитеррордук форум өтүүдө

Бүгүн, 20-июнда Бишкек шаарында ЕАЭБ өлкөлөрүндө терроризмге каршы күрөшүү боюнча форум өтүүдө.

Форумга Кыргыздын коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров, Жогорку Кеӊештин депутаттары, "Альфа" эл аралык ассоциациясынын вице-президенти Владимир Березовец жана башка тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышууда. Коопсуздук кеңешинин катчысы Жумакадыров: "Биздин күч түзүмдөрү, анын ичинде атайын кызматтар жарым жылдык жыйынтык боюнча алгылыктуу иштерди жасады" деп билдирди.

Эл аралык "Альфа" бирикмесинин вице-президенти Березовец сөз сүйлөөр алдында терроризм менен күрөшүүдө каза болгон атайын кызматтардын жоокерлерин эскерди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан