Энергетикалык маселелер боюнча эксперт Расул Умбеталиев Токтогул ГЭСиндеги кырдаалды онлайн форматта көрсөтүүчү видеокамера иштебей жатканын айтып 20-июнда билдирүү жасады. Умбеталиев "Электр станциялары" ишканасы элди алдап, жоопкерчиликтен атайын качып жатат деген пикирде.
"ГЭСтеги кырдаалды толук көрсөтүү үчүн дагы 3 камера орнотуу керек. Эки капталына жана ГЭСтин башкы плотинасынын бет маӊдайына. Сууну коё берүү түндө, саат 00:00дөн 06:00гө чейин жасалат. Камера иштеген күндө да эч нерсе көрүнбөйт. "Электр станциялары" ишканасы ГЭСтеги онлайн көрсөтүү боюнча ГЭСтин үстүндөгү видеокамерага тартылган сүрөттөрдү гана жарыялап, видеобайкоо жок", - деди эксперт.
Умбеталиев "Электр станциялары" ишканасынын жетекчилеринин бирине таянып, Кыргыз мамлекети коӊшу өлкөгө электр энергиясын сатып баштаганын билдирди.
Эскерте кетсек, Токтогул ГЭСине онлайн форматтагы видеобайкоо 2014-жылы ошол кездеги премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин буйругу менен орнотулган.