2014-жылы мамлекеттик жана коомдук ишмер Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдык мааракеси белгиленет. Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңеш кыргыз парламентинин бир нече жолку депутаты, режиссёр, КРнын Баатыры Д.Садырбаевдин 75 жылдыгын өткөрүү боюнча токтом кабыл алды. Токтом аркылуу өкмөткө улуу инсандын артында калган көркөм кеңири мурасын жайылтуу, анын коомдук жана саясий ишмердүүлүгүнө арналган иш-чараларды уюштуруу жаатында чараларды көрүү тапшырмасы берилди.
Белгилей кетсек, Дооронбек Садырбаев 1939-жылы 13-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында туулган. Ал 70тен ашуун даректүү тасмалардын, 16 көркөм тасманын автору. Анын 8 көркөм ыр жыйнагы, 700дөн ашуун публицистикалык макалалары жарык көргөн. Садырбаев 2008-жылы 28-майда көз жумган.