Эртең Бишкекте терроризмдин курмандыктарын эскерүү үчүн унаа жүрүш өтөт

Бишкек антитеррордук форумунун катышуучулары эртең, 21-июнда Бишкек шаарынан Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылына чейин автожүрүш уюштурат.

Иш-чаранын максаты Орусия федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкери А.Вельконун Беслан шаарында террористтер менен күрөшүүдө баатырларча курман болгонун жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн курман болгон атайын кызматтарынын аскерлерин эскерүү.

Авто жүрүшкө "Гвардия" клубу жана "Мекен" аскердик патриоттук клубдары катышат. Ошондой эле бүгүнкү форумдун катышуучу коноктору, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышат. Жүрүш эртең мененки саат 09:00дө борбордогу "Жеңиш" аянтынан башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан