Депутаттар Жогорку Сотко судья болом дегендерге бир жылдык окутууну алып салууну сунушташты

Депутаттар Жогорку Сотко судья болом дегендерге бир жылдык окутууну алып салууну сунуштады. Бул сунушту бүгүн, 20-июнда парламенттин комитетинде КСДП фракциясынан депутаттар Осмонбек Артыкбаев, Аалы Карашев киргизди.

Артыкбаевдин айтымында, бир жылдык окутулса Жогорку Сотко иш жок адамдардын баруусуна жол ачылат. "Жергиликтүү соттордогу судьялар окушсун. Жогорку Сотко юстиция министри, прокурор болуп иштеген тажрыйбасы барлар барса, окутуунун кереги жок. Экзамен тапшырсын, судьяларды тандоо кеңештин, Жогорку Кеңештин кароосунан өтсүн. Акырында президент макулдугун бериш керек”, - деди ал.

“Ата Мекен” фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов юстиция министри болуп иштесе соттук иштерди билбегендер бар экенин айтты. Өнүккөн мамлекеттерде соттор 3 жыл окуй турганын билдирди. Окутуу керек экенин кошумчалады. Жыйынтыгында депутаттар бир жылдык окушу керек дегенди колдошту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан