Сооронбай Жээнбеков газ сатуучу жайдагы жарылуу боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүүнү тапшырды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында орун алган газ өткөрүү станциясынын жарылуусуна байланыштуу факты боюнча Ички иштер министрлигинин жетекчилигине кырсыктын себептерин жана шарттарын тыкыр иликтөөгө алууну тапшырды.

Андан сырткары жардыруу фактысы боюнча изилдөө жүргүзүүнү, бардык газ өткөрүү станцияларынын коопсуздук талаптарына ылайык келүүсүн ыкчам текшерүүгө алуу тапшырмасы берилди. Эгерде талапка жооп бербеген кырдаал болсо, пайдаланууга тыюу салуу чаралары кабыл алынат.
Ошондой эле жабыр тарткандарга жогорку квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу тапшырылды.

Иликтөөнү өкмөт башчы өз көзөмөлүнө алганын өкмөттүк аппараттан кабарлашты.

Эске салсак, кечээ, 19-июнда окурман "Ананьево айылында жүк ташыган унаа жана май куюучу жай өрттөнүп жатат" деп кабарлаган. Кырсыктан 2 адам каза болуп, 7 адам жаракат алган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан