КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев сот жаңылыштык үчүн жоопкерчиликке тартылбайт деген жобого каршы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-июнда парламенттин комитетинин жыйынында билдирди.
Жыйында “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоору каралды. Анда соттун жаңылыштыгы мыйзамды одоно бузууга жол берилбесе судья тартип жоопкерчилигине тартылбайт деген өзгөртүү киргизилген.
Буга Дастан Бекешев каршы болуп: “Мыйзам долбоордон бул түшүнүктү алып салыш керек. Эгерде сотторго мындай мүмкүнчүлүк түзүп бере турган болсок анда дарыгерлерге, депутаттарга ушундай шарт түзүп берели. Сот жаңылыштык кетире турган болсо кылмыш иши козголуп, отставкага кетиши зарыл”, - деди ал.
Жыйынтыгында комитеттин 6 депутаты Бекешевдин сунушун колдоду. Ал эми 5 эл өкүлү каршы болду.