"Чет элдиктер тышкы саясат боюнча Кыргызстандын позициясын так билиши керек" дейт Адахан Мадумаров

Эч ким Кыргызстандын өлкө башчысынан АКШнын аскердик базасын чыгаруу тууралуу олуттуу билдирүүнү талап кылган жок, бул - өлкөнүн тышкы саясатка даяр эместигин түшүндүрөт”,- деп билдирди 16-майда коомдук ишмер Адахан Мадумаров. Айтымында, мындай кадамдар өтө күтүүсүздөн, кылдаттык менен, КРга таасир берүүчү бардык күчтөрдүн тандемин байкап, анан гана жасалуусу керек.  

“Бирок, тилекке каршы, сөздөр айтылып калды. Атамбаев элге президенттик шайлоо алдында 2014-жылы Кыргызстанда база болбойт деп убада берген. Чет элдик саясатчылар тышкы саясатта Кыргызстандын позициясын так билиши керек. Биз ЖККУнун, КМШнын экономикалык платформа жөнүндөгү позициясын карманышыбыз керек”,- дейт Мадумаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан