Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай атактуулукту багынткан австралиялык оратор, жазуучу жана ырчы Ник Вуйчич эгиз наристелүү болот. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында видео аркылуу сүйүнчүлөдү.
"Бардык аталарды аталар күнү менен куттуктайм! Мен үчүн бүгүн өзгөчө майрам. Анткени мен дагы бир ирет ата болуу алдында турам" деген билдирүү калтырган.
Ник Вуйчич 1982-жылы Австралиянын Мельбурн шаарында сейрек кездешүүчү тетраамелия синдрому (колу-буту жок төрөлүү) менен төрөлгөн. 2012-жылы Канаэ Мияхарага үйлөнгөн. Учурда Киёси жана Деян аттуу уулдардын атасы.