ЖЫЛНААМА, 20-ИЮНЬ: Австралиялык актриса Николь Кидман 50 жашка толду

Бүгүн, 20-июнда австралиялык продюсер жана актриса Николь Кидман 50 жашка толду.

Ал 1967-жылы Американын Гавайи штатында туулган. 4 жашынан тарта балетке катышып, кийинчерээк актрисалык кесипке кызыгып кеткен. Дебюттук ролун 15 жашында “Токойдогу Рождество” тасмасында чагылдырган. 2003-2004-жылдар актрисанын карьерасындагы атактуулугу артып турган учур болгон. Өзгөчө "Башкалар", "Котормочу" тасмалары эбегейсиз популярдуулук алып келген.

Кидман эки жолу турмушка чыккан. 1990-жылы актёр Том Крузга турмушка чыгып, Изабелла жана Коннор аттуу бир кыз, бир уулду багып алган. Түгөйлөр 2001-жылы ажырашып кеткен.

Кийин 2006-жылы музыкант жана ырчы Кит Урбан менен турмуш жолуна аттанган. 2008-жылы кыз төрөп, атын Сандэй Роуз койгон. Ал эми 2010-жылы Фэйт Маргарет аттуу кызы карын эненин жардамы менен жарык дүйнөгө келген.

20-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
raykray
2017-06-20 18:18:16
Бангок Хилтон деген киносун коргом аябай соонун кино,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан