16-18-июнь күндөрү Нью-Йоркто Американын көз карандысыз кинофестивалы менен биргеликте уюштурулган эл аралык кинология федерациясынын V Евразиялык кинофестивалы болуп өттү. Ага Кыргыздын "Асман алдында" жана "Олжо" тасмалары катышып, Дальмира Тилепбергенованын "Асман алдында" фильми калыстардын баш байгесине татыган. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Кинематография департаменти маалымдады.
"Сюжеттин өнүгүшү, массовканын жана артисттердин актёрдук чеберчилиги, сценарий, анын коюлушу жогору бааланып, баарын таасирлентти. "Асман алдында" тасмасы көрсөтүлгөн соӊ режиссёрлордун жана продюсерлердин арасында кызуу талкуу болду. Кыргыздардан, тилекке каршы, эч ким болгон жок, бирок башка өлкөнүн кинематографисттери катышты. Ал эми Вермонттогу ири кинофестивалдын уюштуруучулары аталган тасманы өздөрү өткөргөн фестивалда калыӊ журтка көрсөтүү тилеги бар экенин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.