Экономика министри: "Өлкөдөн Грузияга төө буурчак, пияз экспорттолот”

Кыргыз өлкөсүнөн Грузияга төө буурчак, пияз экспорттолот. Ал эми Грузиядан Кыргыз мамлекетине минерал суулары, дары-дармектер, электр жылыткычтары импорттолот. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда парламенттин тийиштүү комитетинде экономика министри Арзыбек Кожошев билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасында Грузия менен 80 биргелешкен ишкана бар, бирок азырынча 3 гана ишкана иштейт. 2016-жылы эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 6 миллион 4 миң долларга жеткен.

Жыйында “Кыргыз өкмөтү менен Грузиянын өкмөтүнүн ортосундагы инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунун максаты - инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу. Ошондой эле чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу чөйрөсүндө келишимдик укуктук базаны түзүүгө багытталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан