ЖЫЛНААМА, 20-июнь: 84 жыл мурун дүйнө аялдарынын укугу үчүн күрөшкөн Клара Цеткин каза болгон

84 жыл мурун, 1933-жылы 20-июнда дүйнө аялдарынын укугу үчүн күрөшкөн Клара Цеткин каза болгон.
Ал 1857-жылы 5-июлда Германиядагы тарыхый аймак деп аталган Саксонияда айылдык мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.
Клара Цеткин бүткүл дүйнө аялдарынын эзүүгө, буржуазиялык үстөмдүккө, теңсиздикке каршы күрөшүүдө өз укуктары үчүн күрөштөгү тилектештигин белгилөөнү демилге кылып, 1910-жылы Копенгаген шаарында өткөн аялдардын эл аралык 2-конференциясында сунуштаган. Анын бул сунушу бир добуштан колдоого алынып, жылына 8-Март - Аялдардын эл аралык күнү деп аталып, аны майрамдоо чечими кабыл алынган.
Биринчи жолу бул күндү 1911-жылы Германия, Австрия, Швейцария, Дания мамлекеттери белгилеген. Орусияда Петербургда 1913-жылы, ал эми Кыргыз өлкөсүндө 1920-жылдан бери белгиленип келе жатат.
1915-жылы Швейцариянын Берн шаарында II империалисттик согушка каршы аялдардын эл аралык конференциясын уюштургандан кийин ал камакка алынган.
К.Цеткин 1933-жылы “Бүткүл дүйнөнүн аялдарына Лениндин осуяттары” аттуу китебин жазган. Анда ошол мезгилдеги дүйнө жүзүндө жападан жалгыз социалисттик мамлекеттин мурдагы СССР өлкөсүнүн аялдарынын жашоосу, кандайча иштеп, окуп жаткандарын, балдарын кандай тарбиялап, кандай укуктарды пайдаланышып жаткандыктары тууралуу бүт планетадагы аялдарга кеңири маалымат берген.
Германия жана эл аралык жумушчу кыймылынын көрүнүктүү ишмери, “спартак союзунун” негиздөөчүсү жана жетекчиси, рейстагдын депутаты, аялдардын тең укуктуулугу үчүн жүргүзүлгөн күрөштө өз салымын кошкон революционер Клара Цеткин 1933-жылдын 20-июнунда дүйнө салган. Ал Москвага жакын жайгашкан Архангельский кыштагында жашап оорудан улам каза болгон. Анын сөөгү Москванын Кремль дубалына коюлган.
20-июндун жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asem89
2017-06-21 02:12:45
Рейхстаг...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан