Ташиев: "Жарандардын мага эстелик тургузуу ниетин мен колдобойм"

“Жарандардын мага эстелик тургузуу ниетин мен колдобойм”,- деп билдирди камактагы "ата журтчу" депутат Камчыбек Ташиев бүгүн, 16-майда соттук отурумда. Айтымында, ал мындай демилгеси үчүн тарапташтарына ыраазы. “Алар менин эмгегимди баалаганы үчүн мен ыраазымын. Бирок мен өзүмө эстеликти эмгегим жана кылган жумушум менен тургузушум керек деп ойлойм”,- деди ал.  

Эске сала кетсек, кечээ жакында Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылынын бир катар тургундары айылына К.Ташиевдин эстелигин тургузуу демилгесин көтөрүп чыгышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан