Бүгүн Кадыр түн. Анын маанисин жана кандай өткөрүү керектигин билип алыӊыз

Жалпы мусулман мамлекеттеринде жыл сайын белгилене турган Кадыр түн бүгүн, 21-июндан 22-июнга караган түнү өткөрүлөт. Бул күн Мухаммед пайгамбарга Куран китеби түшүрүлгөн күн болуп эсептелинет. Мындан сырткары мусулмандар Кудайга тобо кылып, пенде андан ырайымын, кечиримин сураса, анын баары кабыл болчу түн экени айтылат.

Кадыр түндүн мааниси жана аны кандай өткөрүү керектиги тууралуу Кыргыз мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу SUPER.KG`ге берген маегинде төмөндөгүлөргө токтолду:

"Кадыр түндүн биринчи мааниси - бул кадимки кыргызча "кадыр", "кадырлуу инсан" дегендей эле кадырлуу түн дегенди билдирет. Ал эми кадырдын экинчи мааниси араб тилинен "тагдыр" дегенди түшүндүрөт. Үчүнчү мааниси - ошол эле араб тилинен "тардык" дегенди туюнтат. Эмне себептен? Анткени ушул Кадыр түнү периштелердин баары жерге түшүп, жер үстүнөн орун алып, батпай жер тарыйт экен. Мына ошондуктан адамдар ушул түнү Кудайга ибадат кылып, андан элине, жерине тынчтык, ынтымак сураш керек".

Ал эми бул түндү кандай тосуу керектиги тууралуу буларды билдирди:

"Кадыр түндү шаң кылып, музыка менен ырдап, бийлеп өткөрүүгө болбойт. Бирок үйдөбү, жумуштабы же жолдобу Кудайга кулчулук кылып өткөрө берсе болот. Сөзсүз мечитте өткөрүү шарт эмес. Ал эми дасторкон жаюуда, ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө жараша жей турганын коё берсе болот".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
toktor89
2017-06-21 09:08:29
Баарыбыздын кадыр тун кечесиндеги кыла турган жакшы амалыныздарды Жараткан Аллах Таала кабыл кылган болсун.
Орозо майрамыныздар менен!
+28
Abubakir05
2017-06-21 13:27:10
Бугунку кадыр тун кечесиндеги айтылган дубаныздарды алла кабыл кылсын.менде суроо бар эле аял кишинин усту келген болсо кадыр тун тоссо болобу.
0
salman-dastan
2017-06-21 13:49:57
Кармаган орозонуздар кабыл болсун урматтуу туугандар!
Кадыр туну Жабрейил Аллейхиссалам миндеген может миллиондогон периштелер менен жерге тушот.бардык пенделердин кийинки кадыр тунго чейинки кадырын,тагдырын алып тушот деп окугам.баарыбыз Аллахтан билип билбей кылган куноолорубузду кечиришин,жакындарыбыздан айрыбасын тилеп,тынчтык сурап дуа кылалы.
+1
Fidel
2017-06-21 14:10:31
Куранда кадыр тун орозонун акыркы 10 кунунун биринен издегиле деген. так сандарда, так что Муфтият аалымдар примерно предположения кылып бир числону аныкташат, так ошол кун Кадыр тунбу жокбу бир гана Аллах Таалага билет, ошон учун акыркы 10 кундун так сандарында Кадыр тун тосо бергиле.
+1
Tolkun96
2017-06-21 19:48:59
Кадыр тун кайсыл убакытка чейин болот?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан