Алмазбек Атамбаев мигранттарга кандай кам көрүлгөнүн айтты

Кыргыздын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүнүн пайдасын Орусиядагы мигранттар дароо сезишти. Бул тууралуу 20-июнда президент Алмазбек Атамбаев Москвада Орусия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүдө билдирди. Кыргыз президенти мигранттарга Орусияда жүрүү жана ишке орношуу шарттары жеӊилдеди деген пикирде.

Ошондуктан Орусиянын Кыргыз мигранттарына жасаган мамилесине ыраазы. Бул жаатта көрсөткөн жардамы үчүн Орусиянын тийиштүү министрлик, мекемелерине, өкмөттөр аралык комиссияга ыраазычылык айтты.

"Өлкөбүздүн ЕАЭБге кириши менен биздин экономикалык мамиле тереӊдеди. Терс жоромолдорго карабай, республиканын экономикасын алдыга жылдырууга зор түрткү берди", - деди Атамбаев.

Эскерте кетсек, Кыргыз мамлекетинин аталган уюмга толук кандуу мүчө болгонуна быйыл августта 2 жыл толот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан