Мусулмандар дин башкармалыгы Орозо айт майрамын 25-июнга белгиледи.
Бул тууралуу SUPER.KG’ге муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев маалымдады.
“Биз буга чейин Орозо айттын күнүн болжолдуу 26-июнда болот деп маалымат тараткан элек. Бирок бүгүн кечке жуук уламалар кеңеши менен биргеликте астрономиялык илимдин негиздерине таянып, Ай жаңырган күн 25-июнга дал келгендиктен ошол күнгө токтолдук. Коңшу мамлекеттерде да 25инде белгиленмей болуптур. Буга ылайык орозо тутуу убактысы 29 күн болуп калды”, - деди Атабаев.
Айта кетсек, бүгүн түшкө чейинки кабарда муфтият Орозо айтты 26-июнга белгилегенин айтышкан болчу.