Дүйнөдө Skype`тын колдонуучулары, анын ичинде кыргыздар 2 күндөн бери билдирүүлөрдү кабыл алуу жана жөнөтүүдө көйгөйлөр болуп жатканын айтышууда. Бул тууралуу компания кабардар экенин жана көйгөйдү чечүүнүн үстүндө иштеп жаткандыгын билдирген. Бирок маселе качан чечилерин, ага канча убакыт керектелерин жана эмне себептен мындай болуп жатканын түшүндүргөн эмес.
Кечээ, 19-июндан тарта Skype`та көйгөйлөр болуп жатканын айтып, нааразычылыгын билдире башташкан.
Алардын нааразычылыгын күзөткөн "DownDetector" сайтынын маалыматында, Skype`тын иштөө процессинде дале көйгөйлөр болууда. Бул жөнүндө Европа өлкөлөрү, АКШ, Орусия, Казакстан, Украина жана башка өлкөлөрдүн жарандары билдирүүдө.
Белгилей кетсек, 1-июлдан тарта Skype бир нече смартфондордо, Smart TV`да иштөөсүн токтотору айтылган.