БШК саясий партиялар шайлоого карата үгүттү эрте баштаганын кайрадан эскертти

Борбордук шайлоо комиссиясы 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого карата кайрылуу жасады. Мекеме талапкерлерди, саясий партияларды жана жалпыга маалымдоо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзбөөгө чакырууда.

Айрым саясий партиялар ЖМКлар аркылуу үгүт камтылган маалыматтарды жайылтууга киришкенин билдирген мекеме үгүт иштерин мөөнөтүнөн эрте баштоого мыйзам жол бербесин, ал үчүн жоопкерчилик каралганын эскертти. Шайлоого карата үгүт 2017-жылдын 10-сентябрында башталып, шайлоого 1 сутка калганда, тагыраагы, 2017-жылдын 14-октябрында саат 08:00дө токтотулат.

БШК атайын жумушчу топко ЖМКларда тийиштүү нормалардын сакталышы боюнча мониторинг жүргүзүү тапшырмасын бергени белгилүү болду.

БШК ушуну менен экинчи жолу президенттик шайлоого карата мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзбөө чакырыгы менен кайрылуу жасады. Буга чейин май айында кайрылуу кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talant87
2017-06-21 13:43:16
Бир айда жетишпейтко менимче эл менее жолугуп элда алардын праграмасын укса дегеним суроо жоп болсо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан