10-июлдан баштап Кыргыздын Жогорку окуу жайлары абитуриенттерди кабыл алууну башташат. Бул тууралуу билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 2017-2018-окуу жылына абитуриенттерди кабыл алуу графиги:
Биринчи тур
10-12-июль - Талондорду чогултуу жүрөт.
12-июль саат 14:00 - Талондорду чогултуу аяктайт.
13-июль саат 10:00 - Жогорку окуу жайына өткөн абитуриенттердин тизмеси илинет.
13-15-июль - Абитуриенттер ЖОЖдо билим ала тургандыгын тастыкташат. Документтерди тапшыруу жүрөт.
Экинчи тур
17-19-июль - Талондорду чогултуу жүрөт.
19-июль саат 14:00 - Талондорду чогултуу аяктайт.
20-июль саат 10:00 - Жогорку окуу жайына өткөн абитуриенттердин тизмеси илинет.
20-22-июль Абитуриенттер ЖОЖдо билим ала тургандыгын тастыкташат. Документтерди тапшыруу жүрөт.
Үчүнчү тур (Билим берүү министрлигинин уруксаты менен өткөрүлөт)
24-26-июль - Талондорду чогултуу жүрөт.
26-июль саат 14:00 - Талондорду чогултуу аяктайт.
27-июль саат 10:00 - Жогорку окуу жайына өткөн абитуриенттердин тизмеси илинет.
27-29-июль - Абитуриенттер ЖОЖдо билим ала тургандыгын тастыкташат. Документтерди тапшыруу жүрөт.
25-августка чейин Жогорку окуу жайларына өткөн абитуриенттердин тизмеси министрликке жөнөтүлөт.