Сокулуктагы көлмөлөргө чочконун кыгы ташталып, булганышы боюнча район акими кабары жок экенин айтат

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Романовка айылындагы көлмөлөрдүн булганышынан район акиминин кабары жок. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда SUPER.KG порталына аталган райондун акими Болот Сатыкеев билдирди.

"Романовка айылынын жашоочуларынын маалымат жыйын өткөрүп, жеке ишкер менен араздашып соттошуп жатканы боюнча кабарым жок. Айыл тургундары бул маселе боюнча мага бир да жолу кайрылган эмес. Эгерде алар көйгөйдү чечүү үчүн кайрылса, ишти карап чыгууга даярмын. Учурда райондун аймагында кир суулар агып чыгуучу арыктарды казуу менен алектенип жүрөбүз", - деп билдирди Сатыкеев.

Эске салсак, буга чейин Романовка айылынын жашоочулары айылдагы жеке ишкердин көлмөлөргө чочконун кыгын таштап, балыктарды ууландырып жатканына нааразычылык билдирип маалымат жыйынын өткөрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tunerbei1812
2017-06-21 11:42:30
Козун май басып калган экен акиминин дагы. Созсуз бироо жарым арызданып барыш керекпи. Жок дегенде элдин жашоосуна озу кызыгып коз салып турбайбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан