ЖЫЛНААМА, 21-ИЮНЬ: Советтик рок-музыкант Виктор Цой көзү тирүү болгондо 55 жашка толмок

Советтик рок-музыкант, ырлардын автору жана сүрөтчү, легендарлуу “Кино” рок-тобунун түзүүчүсү жана жетекчиси Виктор Цой көзү тирүү болгондо 55 жашка толмок. Ал Ленинград шаарында 1962-жылы туулган. Атасы корей болсо, энеси орус кызы болгон.

Сүрөт тартуу жагынан таланттуу бала 8-классты аяктагандан кийин өз каалоосу менен көркөм сүрөт орто окуу жайына тапшырган. Бирок бир жылдан кийин окуудагы жетишпегендиктери үчүн айдалып кеткен. Виктор Цой Максим Пашков менен биргеликте "Палата №6" тобун түзгөн. 1979-жылы №61-кесиптик техникалык орто окуу жайынын токой кесүүчүлүк тармагына тапшырган. Бул кесиби боюнча 1982-жылы ишке орношуп, бирок ошол учурда эле ырчылык талантын такшалтып, “Гарин Гиперболоиды”, “Кино” аттуу музыкалык топторун түзүүгө жетишкен. Ырчынын алгачкы “Кино” аттуу альбому, андан соң “Камчатки” альбому да жарык көргөн.
Кыска өмүрүндө атактуулуктун бардык тармактарынан өзүн сынап көрүүгө жетишкен рок ырчысы Виктор сүрөт тартып, чыгарма жаратып, ырдагандан тышкары киного тартылууга да үлгүргөн. Ал тартылган "Конец каникула”, “Асса”, “Игла”, “Последний герой” аттуу фильмдер совет доорунда КМШ өлкөлөрүнө кеңири тараган.
Айта кетчү нерсе, актёр катары эмес, жөн гана ырчы катары тартылууну каалаган Виктор Цой бардык кинолордо өзүнүн гана образын жараткан. “Игла” кинотасмасы Алматы шаарында тартылып, ырчыга өз мекенинин абасы менен дем алып, туугандары менен таанышууга чоң шарт түзүп берген.
Цойдун эң популярдуу “Ночь”, “Это не любовь”, “Звезда по имени солнце”, “Группа крови” альбомдору эң популярдуу болгон.
Виктор Цой 28 жаш курагында 1990-жылы 15-августта эртең мененки саат 6ларда автокырсыктан каза тапкан. “Москвич-2141” маркасындагы машинасын саатына 130 чакырым ылдамдык менен айдап бараткан жеринен “Икарус” автобусу менен кагышкан жана ошол жерден эле ырчы каза тапкан.
21-июндун жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
CEO
2017-06-21 12:09:51
Бул кайталангыс чон талант болуучу. Менин кумирлеримин бири. Ырлары озгочо, философия камтыган маанилуу...

Брюс Ли, Виктор Цой сыяктуу копчулуктун суймончулугу, дуйнолук таланттардын эрте кайтыш болгондору окунучтуу, абдан окунучтуу...
0
Ronaldo.99
2017-06-21 13:56:14
Ордун Анатолий Цой басат го.Унуго соз жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан