Алмазбек Атамбаев президент Путиндин басма сөз катчысын "Манас" ордени менен сыйлады

Президент Алмазбек Атамбаев 20-июнда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго "Данакер" орденин, президент Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго (сүрөттө) III даражадагы "Манас" орденин тапшырды. Мындан тышкары Путиндин жардамчысы Юрий Ушаковго да III даражадагы "Манас" ордени берилгени белгилүү болду. Сыйлыктар президент Атамбаевдин Москвага мамлекеттик сапары алкагында тапшырылган. Ал эми Орусиянын каржы министринин орун басары Сергей Сторчакка "Даӊк" медалы ыйгарылганын Орусиянын ММКлары жазышты.

Эскерте кетсек, Кыргыз президенти 19-июнда 5 күндүк мамлекеттик сапары менен Москвага барган. Кечээ, 20-июнда президент Владимир Путин менен жолугушуу өткөрдү. Алдыда Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев, Татарстан жана Башкортостандын президенттери менен жолугушары күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан