Астана аэропортуна Нурсултан Назарбаевдин ысымы берилди

Астана эл аралык аэропортуна Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу аталган мамлекеттин расмий басылмалары жазып чыгышты. Аэропорттун атын өзгөртүү боюнча Өкмөттүн токтому "Казахстанская правда" гезитине жарыяланды.

Премьер-министр Бакытжан Сагинтаев 20-июнда кол койгон документ расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Астана аэропортун Нурсултан Назарбаевдин атына өзгөртүү сунушун 2009-жылы ошол мезгилде "Нур Отан" партиясынын төрагасынын орун басары, учурдагы депутат Дархан Калетаев киргизген эле.

Нурсултан Назарбаев өлкөнү 1990-жылдан бери башкарып келе жатат. Казакстанда бир катар Жогорку окуу жайлары, мектептер анын атын алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан