Бүгүн, 21-июнда Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун кылмыштуулукту иликтөө боюнча кызматкерлери мамлекеттик мекеме өкүлдөрүнө криминалдык статистика тууралуу талкуу уюштурду. Талкууга Кыргыздын укук коргоо системинин өкүлдөрү катышууда. БУУнун кылмыштуулукту иликтөө боюнча кызматкери Майкл Яндл адамзаттын жашоосунда кылмыштуулуктун катталышы, келип чыгуу себептери тууралуу буларга токтолду.
"Биз буга чейин Африка өлкөлөрүндө кылмыштуулук боюнча семинарларды өткөрүп келдик. Азия өлкөлөрүндө алгачкы жолу Бишкекте өтүп жатабыз. Биздин уюм жөнөкөй жарандар жана аскер кызматкерлери эл аралык кылмыштуулукка барышы боюнча өз иликтөөбүздү жүргүзүп келебиз. Ошондой эле баңгизатына байланышкан кылмыштарды да тыкыр иликтөөгө алабыз. Жыйынтыгында катталган кылмыштардын статистикасын жайылтабыз. Ачык-айкындуулук кылмыштардын санын азайтууга өбөлгө болот. Кыргыз Республикасындагы укук коргоо мекемелерин кылмыштуулуктун катталган фактыларын ачык жайылтып турууга чакырабыз. Жыл жыйынтыгын чыгарганда ар бир кылмыштын себебин жана кимдер тарабынан жасалгандыгы ачык жарыяланса, алардын саны кыскармак", - деди Яндл.