Жарандардын сотторго болгон ишеними төмөн болуп жатканын акыйкатчы Кубат Оторбаев Бишкекте Акыйкатчы институтунун сот адилеттигине байланышкан баяндамасын талкуулоо учурунда айтты. Ошол эле учурда сот системи эски көйгөйлөрдөн арылуу аракетин жасап жатканын белгиледи. "Соттор жарандардын тынчтыгы, улуттар аралык мамилени бекемдөө жана өлкө биримдигин сактоодо негизги куралдардын бири. Ошондуктан жарандар сот системин сапаттуу өзгөрүлүүсүн талап кылып келет. Учурда сот тармагы эски көйгөйлөрдөн арылуу иштерин жасап жатканы менен, элдин ишеними төмөн экендиги сакталууда", - деди Оторбаев.
Баяндама учурунда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү абак жайларындагы көйгөйлөргө токтолду. Анын пикиринде, бир катар абак жайлардагы бөлмөлөрдү муздатуучу кондиционерлер эскирип, айрымдары иштебей калган.