МЕДИА-ПОРТАЛ: "Көк бөрү" ырынын клибин тартууда театрды каптаган түтүндү кетире албай айлабыз куруган" дейт ырчы Куралбек Чокоев

Ырчы Куралбек Чокоев "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Көк бөрү” чыгармасы тууралуу SUPER.KG`ге "Бул башка ырларымдан айырмаланып тойго эмес, чыгармачылыгымдын өсүүсүнө багытталган" дейт.

"Ырдын обону мага, сөзү жаш акын Акжол Канатбек уулуна таандык. Чыгарма мындан бир топ жыл мурун жаралган. Бирок ал учурда "Кара жорго" ыры популярдуу болуп, биз кийинчерээк чыгарууну туура көрдүк. Клип Бишкектин ар кайсы жеринде улакчы жана бийчи жигиттердин коштоосунда тартылды. Тартуу иштери 3-4 күнгө созулуп, 2 миӊ доллар каражат жумшалды", - деп билдирди Куралбек Чокоев.

Ошондой эле ал тартуу процесси кызыктуу окуялар менен коштолгонун да кошумчалай кетти.

"Клипте Кыргыз драма театрынын ичиндеги боз үйдө отуруп ырдап жаткан жерим бар. Анда арт жагымдан түтүн чыгып турат. Ошол жерди тартуу аябай кыйынчылык жаратты. 3-4 жигит артта туруп арча, чөптөрдү өрттөп араң түтөтүшкөн. Кийин театрды каптаган түтүндү 2-3 күнгө чейин кетире албай айлабыз куруган. Азыр ал балдар менен жолугушуп калганда бири-бирибизди “түтүнчүлөр” деп шылдыңдап калабыз", - деп күлөт ырчы.

Куралбек Чокоевдин “Көк бөрү” ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Hurem
2017-06-21 14:06:48
Жакшы ырдайт, мага ырларынын кобунчосу жагат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан