Жогорку Кеңештин жыйынында 20га жакын эле депутат отурат

Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңеште түшкү тыныгуудан кийин 20га жакын эле депутаттын катышуусунда жыйын өтүүдө. Ал эми каттоодон 88 депутат өткөн.

Учурда "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатат.

Жыйынга катышып жаткан депутаттар сот болуу үчүн бир жыл окутуудан өтүүсү керектиги тууралуу талкуулап жатышат.

КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаев Жогорку Сотко судья болууга бараткандар бир жылдык окуудан өтпөй эле коюусу керек экенин айтты. Ал эми "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев сот адамдын тагдырын чече турганын айтып, судьялар бир жыл окуш керек экенин баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Tansuluu09
2017-06-21 14:53:01
Депутаттардын санын кыскартыш керек .
Ишке келбесе не кереги бар ?
+7
kenjebek_a
2017-06-21 15:06:43
Тынар эн туура айткан.Бул койлор оттоп салкын жерге кетишти да.Малдан айырмасы жоктор.Эл ишенип шайласа кылганы бул.Баарын союп этин иттерге берсен оло семиз койлор да.Бирок каргыш тийген койлордун этин ит да жебесе керек.Ууланам деп.
+4
Dj_NEWANS
2017-06-21 15:25:33
Ошол 20 да коп бизге!!!!!!!!!
+6
dina1983-19
2017-06-21 15:45:45
Калганы каяктарда тентип жүрөт экен. Ушул жыйынга катышпаган депутаттарды айлыгын кыскартууга кандай карайстар эл журт. Ушул нерсени көтөрүп чыгалы.
+3
Adi97
2017-06-21 16:19:38
dina1983-19,Ailygyn ele emes, ozdorun da kyzkartysh kerek
+2
Best.bakyt
2017-06-21 16:22:32
Кун ысып бассейндерде журушот да тюленьдер
+2
baltabaev
2017-06-21 17:14:19
Best.bakyt,жайладин тууган
+1
ABDulHai
2017-06-21 17:13:35
Кожоке Иш сапарда жүрөтта
+1
Stervamyn
2017-06-21 21:44:17
7областька 7депутаи жетмек озу бизге
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан