"Эу, чык эшикке!" деп премьер-министр кууп чыккан чиновник сөгүш алды

Өкмөттүн 20-июндагы кеңешмесинде премьер-министр Сооронбай Жээнбеков суроосуна татыктуу жооп ала албагандыгы үчүн Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмазбек Абдыкаровду залдан кууп чыккан эле.

Өкмөттүк аппараттан билдиришкендей, чиновник өз кызматын так аткарбагандыгы үчүн бүгүн сөгүш алды. Агенттиктин маалымат кызматынын өкүлү Эсен Ташкараев бүгүн түшкө жакын Алмазбек Абдыкаров өз ордунда кадимкидей эле иште болгонун билдирген.

Сооронбай Жээнбеков жыйын учурунда берген суроолоруна канааттандырарлык жооп ала албай: "Чоң-Алайда жарык, таза суу, жолдор жок, ал жакта эл кантип жашайт?! Эгер мен азыр жумуштан айдап жиберсем, Жээнбеков мени жөн эле айдап жиберди деп айтасың. Бул жерге келерден мурда Ошко чалып, ал жакта эмне болуп жатат, качан даяр болот деп сурап койбойсуңбу? Эмнеге өзүң чалбайсың өзүңдүн структураңа? Чык бар! Эу, чык эшикке!" - деп ачууланып залдан кууп чыккан.

Эске салсак, жаз айларында Оштун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунда жаратылыш кырсыктары катталып, бир нече үйлөр жараксыз абалга келген. Өкмөт кыш айларына чейин жабыр тарткан элдин турак жай маселелерин чечип берүүсү керек.

"Эу, чык эшикке!" - премьер-министр Сооронбай Жээнбеков чиновникти кууп чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Artur555
2017-06-21 18:00:48
Пиар! Шайлоонун жакындаганда иштемиш болуп элге корунуштун амалы. Дача суудагы окуяга биринчи болуп Соке барган эле, а результаты кана?
Соке президент болсо, Аша примьер болот.
+14
sladkaja_konfetka
2017-06-21 18:21:36
Эртең Чүй облусунун райондорун кыдырат экен. Бактарды актап, жол боюн тазалап субботник кылып жатабыыыз...
+11
mederkg
2017-06-21 18:24:30
Башында сүйлөшүп алышканда кичине каттурак айтам мени уят кылбай чыгып кетип тур.кийин сөгүш берилиптир миш кылып койобуз деп кысталак силердин кебетеңерди эми көрүп атасыңарбы эгер.эл үчүн иштейм деген ажо келип ар бир өкмөтттө отургандарды чындап чыгып кет десе өкмөттө бир дагы чиновник калбаса керек.
+21
evra_kg
2017-06-21 18:41:47
mederkg,туура айтасынар
+9
gitaris93
2017-06-21 20:44:59
mederkg,туура айтасын булардын оюну ушундай
+2
evra_kg
2017-06-21 18:43:14
Шайлоого жакындаганда эми эстеп жатышата акмакар уялбайсынарбы артистер
+9
Bekovich76
2017-06-21 19:27:14
Соке озун реклама кылып атат.Азыр чыгып бирге арак ичишет
+10
gulmira12345
2017-06-21 19:42:59
Улуу урматтуу Сооронбай Шарипович ааламга кеткен жол айылдан башталат демекчи сиздин туулуп оскон айылынызда суу жок Беделов Рахматилла кочосундо ошо жактагыларга дагы согуш берип коюнуз
+9
kenjebek_a
2017-06-21 20:49:23
Торпоктун барар жери саманкана дегендей,айтты койду да.Озунун кадры темболе шайлоо жакын административтик басымга кереги тиет.СДПКка озунун замминистр эмес туалеттеги иштеген СДПКчы партиялашын да айдабайт жумуштан.Шайлоо алдындагы пиар.
+3
Momyn12
2017-06-21 22:41:21
Оо жеенбеков шайлоо келе жатканда иштерин тилдерин корсото баштайт
+3
gulperi.kg
2017-06-22 01:34:45
Кыргызга эч нерсе жакпайт.Жээнбековдун бешигин терметип койгонсуп суйлойсунор.Билип билбей суйлой бересинерби.Мен билгенден Жээнбеков Каракулжаны ондоп тузогон ушул Жээнбековдор мектеп салып жолдорду ондогондор ушул Жээнбековдор.Ошентип иштегени учун ушул даражага жетип олтурат.
-1
zhumagul89
2017-06-22 05:37:10
Выбирай не выбирай все равно будет сооронбай дегендей шайлоодон алдын озун корсотуп.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан