Бүгүн, 21-июнда парламенттин жыйынында жаңы төрөлгөн ымыркайга сүйүнчү пул берүүгө багытталган мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды. Жалпы 98 депутат каттоодон өтүп, 96сы “макул”, экөөсү “каршы” добуш беришти.
Айта кетсек, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзам долбооруна ылайык, жаңы төрөлгөн балага 4 миң сом жөлөк пул берилери жазылган. Ал эми 3 жашка чейинкилерге ай сайын 700 сомдон, үчүнчү баладан баштап 3-16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом берилмекчи. Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.
Демилгечилер бул мыйзам коррупцияны жоё турганын айтышкан. Депутат Кенжебек Бокоев бардык жарандарга жөлөк пул берүү туура эмес экенин айтып, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө гана берүү зарыл экенин билдирген.