Сооронбай Жээнбеков оор жүк ташуучу унаалардын салмагын өлчөөнүн жаңы системин бардык пункттарда орнотууну тапшырды

Оор жүк ташуучу унаалардын салмак габаритин өлчөөнүн жаңы системин бардык пункттарда орнотуу керек. Мындай пикирин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-июнда Кемин районундагы "Кемин" салмак габариттик көзөмөл пунктунун ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда айтты.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдиргендей, сервердеги маалыматтар 10 жылга сакталат. Систем тесттик режимде 2017-жылдын 10-февралынан тартып, "Кемин» жана "Сосновка" пункттарында иштеп жатат. Бүгүнкү күндө донорлор менен аталган системди дагы үч пунктта ишке киргизүү үчүн каражат бөлүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

"Аталган системдин ишке киргизилиши салмак габариттик көзөмөл пункттарында төлөмдөрдү жыйноону көбөйтөт. "Сосновка" жана "Кемин" салмак габариттик көзөмөлдөө пункттарында габариттик системдин ишке киргизилиши унаалардагы оор жүктөрдүн салмагын динамикалуу таразалоодо онлайн режиминдеги видео жазуу жолу менен оор жүк ташуучу унаалардын мамлекеттик номер белгисин таануу үчүн ылайыкталган", - деп билдирди министр.

Сооронбай Жээнбеков аталган системди өлкөнүн бардык салмак габариттик пункттарына тез арада орнотулушу керектигин белгиледи.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sungjinsystem
2017-06-21 19:25:57
Системанын кыргызчасы "систем"би. Азаматсын жакшы которуп коюпсун Жамалидин -)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан