Депутат Момбеков тармактар боюнча эмгек сиӊирген наамдардын баарын жоюп салууну сунуштады

КСДП фракциясынан депутат Рыскелди Момбеков тармактар боюнча эмгек сиӊирген наамдардын баарын жоюп салууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-июнда парламенттин жыйынында билдирди.

Ал тармактар боюнча наамдардын ордуна “Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген ишмери” жана “Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген ишкери” наамдарын гана белгилөө керек экенин айтты.

Жогорку Кеӊеште мамлекеттик сыйлыктарды кайрадан ыраатташтырууга багытталган мыйзам долбоорлору экинчи окууда жактырылды. Мурдагы мыйзамда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу жаатында көптөгөн карама-каршылыктар орун алгандыктан айрым наамдарды жоюп салуу каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан