Бүгүн, 21-июнда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов өзү жетектеген министрликтин 5 ай аралыгында аткарган ишинин отчётун берди.
Министрдин маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында 2017-жылдын 5 айында 277 табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган. Көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,2 эсе өскөн. Өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында 102 адам курман болгон. Келтирилген материалдык чыгым 511 миллион 603 миң 400 сомду түзгөн. Булардын ичинен авиакырсык, өрт кырсыктары, суу каптоо, жер көчкү, сел, оор кар, кар көчкүлөрдөн материалдык чыгым көп болгон.
“Чоң-Алай, Өзгөн районундагы жаратылыш кырсыктары боюнча жергиликтүү тургундарга жардам берүү жүрүп жатат. Турак жайсыз калгандарга цемент, арматура жана башка курулуш материалдары берилип жатат. Кызыл-Кыядагы цемент иштетүүчү заводдон цемент өз баасында берилүүдө. Мындан сырткары жабыркагандарга анын ичинде иштебегендерге күрөөсүз насыя берүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүп жатабыз. Ал эми жардам катарында которулган акчалар он күндүн ичинде этап-этабы менен бөлүштүрүлүп берилет. Көчүрүү маселесинде кыйынчылыктар пайда болууда. Алардын арасында жер тилкесин алып, бирок кайра мурунку жашаган жерине келип алгандар болууда. Аларга бүгүнкү күндө түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Кырдаал өзгөрбөсө анда соттун чечими менен иш алып барабыз”, - деди.
Мындан сырткары Ысык-Көлдөгү газ сатуучу жайда болгон жарылууга токтолуп: “Ананьеводогу чыккан өрт тууралуу айтсак, ал жакта текшерүүлөр жүрүп жатат. Кырсык газ куюучу станциясында сордуруу иштери жүрүп жаткандыгынан келип чыгышы мүмкүн. Бирок иликтөө иштери бүткүчө эч нерсе айта албайбыз”, - деп билдирди министр.