Бишкек шаарынын Ленин районунда мыйзамсыз иштеп жаткан кичи соода дүкөндөрү алынды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ленин районундагы Ак-Ордо жана Ак-Өргө конуштарында иштеп жаткан 18 соода жайы алынды. Алардын тиешелүү документтери жок, мыйзамсыз иштеп жатышкан. Райондун аймагынан жыл башынан бери 75 соода жайы алынып, ишмердүүлүгү токтотулган. Бүгүнкү күндө шаардык мэрия калаа аймагындагы мыйзамсыз орнотулган кичи дүкөндөрдү алуу иштерин улантууда", - деп айтылат мэриянын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.