Темир Сариев президенттикке катышуу үчүн БШКга арыз берди

Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу Сариевдин маалымат катчысы Назира Ахмедова SUPER.KG'ге 21-июнда тастыктады. БШК эми анын арызын карап чыгып, 10 күндүн ичинде расмий каттоого алат.

Буга чейин тергөө абагында жаткан "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев менен "Лига-антикризис" борборунун жетекчиси Назарбек Нышанов өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен арыз беришкен.

Президенттикке талапкер болгондор 1 миллион сом өлчөмүндөгү шайлоо күрөөсүн төлөп, 30 миңден кем эмес шайлоочунун колун чогултуусу керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан