Орусиянын айрым аймактарына жайында кар жаады

Орусиянын Мурманск облусуна 20-июндан 21-июнга караган түнү кар жаады. Жергиликтүү маалымат каражаттарында жазылгандай, кыштагы аба ырайы Мурмансктан тышкары Кемерово, Казань жана Барнаул шаарларында да кайталанган.

Мурманск облусунун тургундары аба ырайы нөлдөн бир аз гана жогору болуп, бороондон жолдор араң көрүнүп жатканын билдиришкен.

"Ал эми Казань шаарында жааган кар жамгырга айланып, көчөлөрдү суу каптаган. Бул абал унаа ээлерин бир топ түйшүккө салды. Самара, Омск шаарларында да мөндүр аралаш жамгыр жаап жатат", - деп жазылат маалыматта.

Орусиянын айрым аймактарына июнда кар жаады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
pixduel1
2017-06-21 18:32:46
Быйыл жай келбей калды Россияга озу
+6
Medina87
2017-06-21 19:36:57
Мен коп жылдан бери Алматыда иштейм. Москвада да бир аз жыл иштеп келдим. Азыр Алматыда Москвадагыдай погода, мурда мындай эмес болчу. Тундук климаты бизге да жетет корунот акыры айланып.
+1
Batma08
2017-06-21 21:28:56
Суук экенда а
+2
Momyn12
2017-06-21 22:37:19
Еее бул жылы жай корбой калдыкко
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан