Дмитрий Медведев "Кыргыз-Орусия мамилесине экономикалык кризис тоскоол эмес" дейт

Москвада 21-июнда президент Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин жолугушуусу өттү.

Медведев экономикалык кыйынчылыктарга карабай Кыргыз-Орусия кызматташтыгы өнүгүп жатканын белгилеп, 20-июнда эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунда көп тармактуу сүйлөшүү жүргөнүнөн кабардар экенин айтты. Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлорго токтолду.

Президенттик аппаратка таянсак, Атамбаев Кыргыз-Орусия кызматташтыгы учурда таптакыр башка деӊгээлге көтөрүлгөнүн билдирди. "Мамлекеттер ортосундагы мамиле дал ушул Кыргыз-Орусия мамилесиндей болушу керектигин" айткан Кыргыз президенти.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев 19-июнда мамлекеттик сапары менен Москвага барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан