Кыргыз Эл артисти, композитор Муратбек Бегалиев Жумгал районунун, Миң-Куш кыштагында 1955-жылы 21-июнда туулган. Республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатын бүтүргөн.
1974-1977-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окуп, өкмөт тарабынан Москвадагы мамлекеттик консерваторияга которулган. Консерваторияны аяктап, ошол эле жерден аспирантураны 1984-жылы бүтүрүп, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда окутуучу болуп иштеген.
1993-жылдан тартып Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору болуп иштеп келет. Муратбек Бегалиев Кыргызстан Ленин комсомол сыйлыгынын, Түгөлбай Ата атындагы Эл аралык коомдун, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, профессор.
21-июндун жылнаамасы.