Черногориянын ханбийкесине залкар жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" повестиндеги баш каарман Алтынайдын ысымы ыйгарылган. Бул тууралуу ханбийкенин жолдошу Антон Мартынов "Русвестник" басылмасына билдирди.
Анын айтымында, 1968-жылдары аталган өлкөнүн ханзаадасы Никола Париждеги кинотеатрлардын биринде досу менен "Биринчи мугалим" тасмасын көрүп, абдан таасирленип чыгышат. Андан соӊ ким биринчи кыздуу болсо, ага тасмадагы баш каармандын ысымын ыйгарууну антташат.
"Тасманын аягында жаш Алтынай сүйүктүү мугалимин таштап, бөтөн шаарга окууга кетип жатканына көз жашын төгүп, поездге отурат. Мугалими кызды узатып жатып, "Жолуң шыдыр болсун, Алтынай! Сен Чыгыштын биринчи эркин айымы болосуӊ!" дейт эмеспи. Бул сөздөргө таасирленген достор ким биринчи кыздуу болсо, ошол каармандын ысымын коёбуз деп бири-бирине ант беришет. Арадан 10 жыл өткөн соӊ кайнатам сөзүнө туруп, кызын Алтынай деп атайт", - деп билдирген Мартынов.
Мартынов аялы өз ысымы менен сыймыктанарын кошумчалаган.
"Мен бир аз түрк тилин билгендиктен бул атты угарым менен оюмда "Алтын ай" деп которо койдум. Бул ысым ага абдан жарашат эле. Кийин эмне үчүн Алтынай деп аталганын билдим".
Жергиликтүү элдин өзгөчө диалектинен ханбийкени Алтинай деп атап калышкан.