Чүй облусунун аймагындагы Бишкек-Балыкчы айланма жолунда айдоочуну коркутуп, “керек болсо өлтүрүп коём” деп орой мамиле жасаган Чүй райондук Патрулдук милициясынын прапорщиги Анарбек Үмөтов 21-июнда кызматынан алынды.
Бул маалыматты SUPER.KG’ге Чүй ОИИБинин Патрулдук милициясынын маалымат катчысы Тилек Исаев билдирди.
“2017-жылдын 16-июнь күнү Таалай Жунушов аттуу жарандын интернетке жарыялаган видеосу боюнча Чүй ОИИБинин өздүк коопсуздук кызматы иликтөө жүргүздү. Чүй райондук Патрулдук милиция кызматкери Анарбек Үмөтов кызмат учурунда ИИМдин ички буйруктарын, милиция кызматкеринин кесиптик этикасын одоно бузгандыгы жана өзүнө берилген видео-аудио системин атайылап өчүрүп койгондугуна байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Ошондой эле анын үстүнөн чогултулган материалдар укуктук баа берүү үчүн прокуратурага жөнөтүлдү. Эгерде анын аракеттеринен кылмыш фактылары аныкталса иш козголот”, - деди Исаев.
Эскерте кетсек, 16-июнда Патрулдук милиция кызматкери менен айдоочунун ортосундагы кайым айтышуу жазылып калган видео интернетке тарап, милиция кызматкеринин үстүнөн өздүк коопсуздук кызматы иликтөө жүргүзгөн эле.