Lenovo оромодой ороло турган жаңы ноутбук чыгарат

Келечекте мобилдик аппараттар жаңы өзгөчөлүктөр менен, ийиле турган мүмкүнчүлүктөр камтылган формада чыгарылышы күтүлүүдө. Түрдүү корпорациялардын роликтеринде камтылгандай, бүктөлмө планшеттер, колго тагылчу смартфондор чыгарылышы күтүлөт. Учурда түрдүү компаниялар ийилчээк аппараттардын үлгүсүнүн үстүндө иштеп жатат.

Өткөн жылы Lenovo ортосунан бүктөлө турган планшет жана ийилчээк смартфон көрсөткөн. Бул жылы Кытай компаниясы андан да кызык болгон ийилчээк ноутбуктун үлгүсүн көрсөттү.

Жакында эле Нью-Йоркто болгон иш-чарада Lenovo ортосунан кагаз сыяктуу бүктөлө турган ноутбуктун үлгүсүн жарыялады. Бул кадимки ноутбуктан айырмаланат. Анын экраны аппараттын көп бөлүгүн ээлеп, баскычтардан өйдө жайгашкан. Жайылып турган учурда колдонуучу клавиатуралардан башталган чоң экрандан пайдалана алат.

Андагы дагы бир өзгөчөлүк - клавиатуралардын алды жагында кошумча үч баскыч кошулган. Сезимтал экранда башкаруу системи да камтылган.

Бул жаӊылык азырынча долбоордун негизинде гана көрсөтүлгөн. Келечекте ушул сыяктуу жаңы өзгөчөлүктөрдөн турган ноутбуктардын үлгүлөрү чыгары күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
kychan.98
2017-06-21 22:42:32
Укмуш!
0
jbolotov
2017-06-21 22:57:30
Азамат кытай инженерлери! А бизде бир копуро салаалбай Россиянын же Британиянын элчилерин ээрчитип келишет, ушулар болбосо салынбайт эле жардам беришти каржылашты деп.
+3
Dj_NEWANS
2017-06-21 23:25:08
Бизде көпүрөнүда эптеп кура албайт,курганы 2 жылга жетпей жок болду эхххх...
+1
Kanatbek97
2017-06-21 23:34:54
Сонун экен Lenovo компониясы бул менен токтобойт деп ишенем
0
Kanatbek97
2017-06-21 23:37:42
Айланайын кыргыздар өзүбүздү да мактаганды үйрөнөлүчү ушинтип жамандай бербей
-6
barsa30
2017-06-22 02:41:28
эртерек чыгарса жакшы болот эле ушинтип үлгүсүн көргөзүп отура бербей же болбосо самсунг ,эпл га окшогондор күтпөй эле чыгарып коюшат ..
0
Dybala.
2017-06-22 04:10:57
Оромодой
+1
my_Opinion
2017-06-22 06:07:54
Кыргызстанда мындай нерселерди чыгарганы бизде инженер кучтуу специалисттер жок и окуутучу жайы да жок.эми бизде келечекте жаш муундардан кандай адамдар чыгат билбедим.азыркы жаштардын баарыле Россиялап кеттиго эртеле тирилике киришип билим алгандын ордуна баары талаалап журушот байкуштар.
+1
my_Opinion
2017-06-22 06:14:23
Башка мамлекеттер онугуп атат элдер карагылачы,а бизде болсо вообще жылыш жок только минус карызга жашамай болтат,жылда тополон революция шайлоо ХХХ достали ушул нерселердин баары.срочно бир демке ойлоп тавып бул ситуациялардан чыгып кетпесек Кыргызстан бул кетиште дагы 10жылдан кийин конкретно баткака батат анан кеч болуп калат кашасы чыгып и так кашасы чыгып атат азыр деле
+2
tyncho93
2017-06-22 23:03:22
Оромодой дээ мантудай туйуло турган планшет да чыгарышпайт экенби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан