Америкалык белгилүү жаш модель Кайли Женнер жашаган үй сатыкка коюлду (фото)

Америкалык актриса жана фотомодель Ким Кардашьяндын 19 жаштагы сиңдиси Кайли Женнер бардар жашоого көнгөн жылдыздардын катарын толуктайт. Кайли учурда "Time" журналынын рейтинги боюнча 14 жаштан 19 жашка чейинки кыздар арасында атактуулардын сап башында турат. Жакында эле Беверли-Хиллздеги ал жашап кеткен хансарай 27,5 миллион долларга сатыкка коюлду. Буга байланыштуу үйдүн сүрөттөрү интернетке чыгып, модель кандай үйдө жашап кеткенин көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Анда 5 уктоочу, 7 жуунуучу бөлмө, ашкана жана үй кинотеатры, 3 автоунаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай, китепкана, теннис ойноочу зал жана сулуулук салону жайгашкан.

Кайлинин кошуналары да жөнөкөй адамдар эмес. Тактап айтканда, ал жерде Голливуддун жылдыздары Леонардо Ди Каприо, Тейлор Свифт, Жизель Бундхен, Жастин Бибер, Канье Уэст менен Ким Кардашьяндын үйлөрү жайгашкан.

Бирок Кайли хансарайдын ээси эмес, болгону аны айына 125 миң доллар төлөп ижарага алып жашаган. Ал эми анын өзүнө таандык 4 үйү бар, алардын баалары 6 миллиондон 12 миллион долларга чейин жетет. Жаш модель 14 жашынан тарта өзүн каржылоого жете турган каражат табат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
alaychievazuura
2017-06-22 12:22:00
мен алып коёт окшойм зор экен
+10
admiral
2017-06-22 12:30:16
alaychievazuura,Акча барында алып коебер сенден эмне кетмек эле))
+11
aselushka
2017-06-22 12:40:26
alaychievazuura,албасан мага айтып кой э, мен да алып койсомбу дедим эле))
+12
juma11anara
2017-06-22 15:35:27
alaychievazuura,баягы майда акчага алып кой
0
mir777
2017-06-22 13:33:22
мен уже алып койдум))
+3
Aznazalai
2017-06-22 13:48:23
Жомоктогудай уй го?
+2
tynkatar03
2017-06-22 13:58:38
Соседтери начар адамдар экен,албай эле койгула)
+10
Mirkgz-1990
2017-06-22 13:58:51
Уйду хозяйкасы менен кошуп эле алыш керек экен
+9
Mumu1986
2017-06-22 14:06:26
Уй кордуго чакыргыла, ысырык , эшике илгени аттын такасын ала барам.))
+9
aravan.kg
2017-06-22 14:09:27
Мен алат окшойм карызга мамлекетке откоруп койомда карызды,чондор ошентип атышатго
+1
Sultanmatievkg
2017-06-22 14:19:45
Барибир шефтин уйуно жетбейт екен.биздин Шефтин уйунун астынан чоон су агыптурат.
+1
kychan.98
2017-06-22 14:21:55
Жазат десе эле жаза бербегилечи.
-13
Altysha89
2017-06-22 14:25:43
Соонун экен.! көп эмгектен чон нерсе куралат..... ошондуктан баарыңарга талыкбай эмгектенгиле дейм.
0
BakytAliev
2017-06-22 15:04:28
1 айга 9 млн го жакын акча берет экен уйуно
0
BakytAliev
2017-06-22 15:06:43
Мен гта5 те(игра) ушул уйго кирип чыктым эле ))
+2
karasuu
2017-06-22 15:37:27
Темадан да комменттер кызык экен :)))
+4
barsa30
2017-06-22 16:33:53
Ушул кыз кантип млн дорду табат жездеси Канье Уест эле каржыласа керек.же ошолордун атынан эле акча тапса керек.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан