Бүгүн, 22-июнда депутаттар Борбордук шайлоо комиссиясынын президенттик шайлоо тууралуу маалыматы боюнча маселе бүгүнкү жыйындын күн тартибине кирбей калганына нааразы болушту.
"Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов бул маселе кечээ, 21-июнда каралбай калганын эскертип, бүгүнкү күн тартибине киргизилбегенин сурады.
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков кийинки жуманын шаршемби күнү карала турганын айтып, кечээ бул маселенин каралбай калышына депутаттар күнөөлүү экенин билдирди. "БШК өкүлдөрүнүн күнөөсү жок. Алар кечээ келишкен. Депутаттар өздөрү жыйын бүтө электе кетип калышты. Алардын президенттик шайлоого карата жумуштары көп болгондуктан кийинки жумада келүүнү суранышкан", - деди ал.
Шыкмаматов бул өтө маанилүү маселе экенин эскертип, күн тартибинин аягына коюлуп калып эл өкүлдөрү кетип калганын билдирди. "Биз сизден бүгүн БШК төрайымын чакырууну талап кылабыз. Же болбосо алар парламенттен качып жатат деп түшүнөбүз. Алар "депутаттар ыңгайсыз суроолорду берет жооп бербейбиз" деп суранып жатышабы?" - деди Шыкмаматов.
Депутат Аида Салянова БШК өкүлдөрүнө суроолору бар экенин билдирип, аларды бүгүн чакырууну талап кылды.