Америкалык модель Ким Кардашьян 3-балалуу болуу үчүн карын эне менен келишим түздү

Актриса жана модель Ким Кардашьян жолдошу Канье Уэст менен дагы бир наристелүү болуу чечимин кабыл алышты. Ал үчүн түгөйлөр карын энени таап берген агенттик менен тиешелүү келишим түзүшкөнүн чет элдик басылмалар бүгүн, 22-июнда жазып чыгышты.

Маалыматта келишим түзүлгөн компанияга 68 миӊ 850 доллар, карын энеге 45 миң доллар төлөнөрү айтылат. Бирок анын аты-жөнү маалымдалган эмес. Ошондой эле эгер уруктандырууда бир эмес, бир нече түйүлдүк пайда болсо, түгөйлөр ар бир балага 5 миң доллардан кошумча акча төлөп бермекчи.

Учурда 36 жаштагы Ким Кардашьян менен 40 жаштагы Канье Уэсттин 4 жаштагы Норт аттуу кызы жана 1,5 жаштагы Сэйнт аттуу уулу бар. Кардашьян экинчи баласын төрөгөн соң дарыгерлер мындан кийинки бойго бүтүү ден соолугуна олуттуу зыян келтирерин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kaninaiman
2017-06-22 16:29:22
Тообо Озу эле карын эне болсо болбойбу, торот жашартат дейтко аялды.
0
pixduel1
2017-06-22 17:01:20
Kaninaiman,торгону болбойт деп туратко !Акчасы болсо торото берет да, главный балдарын багып атат да эч нерседен кем кылбай! Омурун берсин деп туралы...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан