Кечээ, 21-июнда британиялык телеканалдын BBC кечки жаңылыктар көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Хью Эдвардс программа башталгандан кийин 4 мүнөткө жакын унчукпай отурган. Буга эфирдеги үн берүүчү техниканын иштебей калгандыгы себеп болгон. Ал бул убакыт аралыгында бир чекитти тиктеп, кабагын салып отура берген. Ага эфирдин убактысы башталып, арадан 4 мүнөт өткөн соң гана эфир жүрүп жаткандыгы жөнүндө белги беришкен.
Бул окуядан соң интернет колдонуучулар алып баруучуну "тилин жутуп алды" деп шылдыңга алышып, түрдүү сын-пикирлерди калтырышууда. Ошондой эле техникалык маселенин жаралышына орус хакерлеринин тиешеси бар деген да пикирлер калтырылган.
Хакер – англис тилинен которгондо "бузуу", "жаратпоо" дегенди түшүндүрөт. Термин интернеттеги бирөөнүн маалыматын уурдоо же бузууга жөндөмү бар инсандарга карата айтылат.