Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунда баатыр Манастын өргүгөнү, Кокон ханы Шералы хандын кайсы бир мезгилде жашагандыгы айтылган Нылды капчыгайы жайгашкан. Анда жаралуу тарыхы табышмак бойдон калган, суулары дартка даба болгон булактар, үңкүрлөр жана башка кооз жерлер орун алган. SUPER.KG порталы касиеттүү делген бул аймакка барып, анын "Манас" эпосу менен байланышын, тарых барактарында кандай из калтырганын иликтеп көрдү.
Шайык: "Манастын өмүр баяны Нылды өзөнү менен тыгыз байланышта"
Нылды өзөнүндө жайгашкан Нылды-Ата мазарынын шайыгы Жеңиш Кудакеев Нылдынын баатыр Манастын өмүрү менен тыгыз байланышта экенин билдирип, таятасынан уккандарын айтып берди.
"Бир нече кылым мурда бул жерди мекендеген кыргыздарды кытайлар басып киргендиктен, көпчүлүгү Алтайга көчүп кетишкен. Алтайда Жакып хан тактыда отурган мезгилинде көпкө чейин балалуу боло албайт. Ошондо Бакай ата ага Кыргыз жериндеги бир катар мазарларга зыярат кылуусуна кеңеш берет. Чыйырды Нылдыга түнөп, көз булактын суусуна жуунганда тилеги кабыл болуп, кош бойлуу болгон деп айтылат".
Ооздон оозго айтылып келген уламышка караганда, Манас Коңурбайдын найза сайышынан улам жарадар болгондо аны Каныкей менен Бакай ата Нылды мазарына алып келип дарылаган. Эки күн өткөн соң баатыр көз жумуп, анын сөөгү ошол жердеги үңкүрлөрдүн биринин жанына коюлган.
Шайык: "Каныкей апа менен Бакай ата баатырдын сөөгү коюлган жерди элден жашырып, 41 жердин аталышын айтышкан. Алардын арасында Нылдынын аты жок. Демек, ушул жерде Манастын сөөгү жерге берилгендигин айтууга толук негиз бар", - дейт.
Капчыгайдагы булактардын биринен чыккан суу Меккедеги замзам суусуна окшош экенин араб окумуштуулары айтышкан
Жеңиш Кудакеевдин берген маалыматына таянсак, араб окумуштуулары бул мазарга келип, анын кире беришиндеги булактын суусу Мекке шаарындагы замзам суусуна окшош экендигин айтып, таң берген. Ал эми чоң үңкүрдүн ичиндеги аска боорунан тамган суу дүйнө жүзүндө үчүнчү орунда турган Эфиопиядагы минералдык суудан айырмасы жок экендигин билдиришкен.
Манасчы: "Саякбай Каралаев Таласты көрө элегинде Манастын сөөгү Нылдыга коюлгандыгын айткан"
Капчыгай, анын ичиндеги мазар тууралуу маалыматтын "Манас" эпосунун варианттарында бар-жогу тууралуу манасчы Азиз Биймырза уулу: "Эпосто Нылды деген сөз кездешпейт. Бирок так ушул жер сүрөттөлүп, Эчкилинин кара зоосу деп айтылат", - дейт.
"Дээрлик бардык манасчылардын варианттарында Талас өрөөнү Манас атабыздын ордосу болгондугу айтылат. 20-кылымдын Гомери аталган атактуу манасчы Саякбай Каралаев Таласты көрө элегинде белгилүү акын Алымкул Үсөнбаев андан: "Саке, Таласты көрбөй туруп кантип ал дубандын берки башынан аркы башына чейинки жер-суу аттарын билесиң?" - деп сураган экен. Анда улуу манасчы: "Мен айткан нерсемди алаканга салгандай көрүп турам. Эчкили тоонун жанында ээр белдей болгон ойдуң жер бар. Андан ары басканда капчыгай башталат. Андан кийин Коён токой, Таластын суусу жатат. Жогору чыксаң өзөндө бир канча үңкүрлөр бар. Боорунан суу чыккан үңкүрдөн өткөндө, Эчкилинин тескей бетинде камыштар өсүп турат. Анын жанында Манастын сөөгү колган", - деген экен. Үсөнбаев манасчынын көрө элек жерди көргөн адамдай айтып бергенине таң берген".
Азиз Биймырза уулу эпостун айрым варианттарында Манастын андагы чоң үңкүрдүн суусу менен дарыланганы айтыларын билдирди.
"Нылды деген сөздүн эпостун варианттарында жок болушу анын кийин гана пайда болгондугу менен байланышта деп ойлойм. Ныл деген архаизм сөз уйку дегенди түшүндүрөт. Менин пикиримде Нылды сөзү "Манас атабыз түбөлүк уйкуда" дегенди туюндурат", - дейт манасчы.
Санжырачы: "Шералы хан Нылдыда жашап, Кудаяр хан ушул жерде төрөлгөн"
Санжырачы Токтоболот Осмоновдун айтымында, Кокон ханы Шералы хан Нылды капчыгайында хан болуп көтөрүлгөнгө чейин жашаган.
"Шералы хандын атасы Хажы бий өлгөндөн кийин Жанболот бий Шералыны душмандардан коргоп, анын таякелеринин жардамы менен Ферганадан Таласка алып келет. Хандын тукуму экенин эл билбесин деп Нылды капчыгайынын кире беришине отурукташтырып, үйлөнтөт. Уулу Кудаяр хан ошол аймакта төрөлөт", - дейт ал.
Кызыктуу тарыхы, уламышы бар Нылды өзөнү жайгашкан аймактын тургундары жашаган жеринин тарыхын сураган адамдарга сыймыктануу менен айтып беришет.