Юстиция министринин орун басары Дөөталиев кызматынан бошотулду

Юстиция министринин орун басары Улан Дөөталиев берген арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өкмөттүк аппараттан 22-июнда кабарлашты. Дөөталиев министрдин орун басары болуп 2014-жылдын ноябрь айынан бери иштеп келген.

Жээнбековдун башка буйругу менен анын ордуна Манас Сарымсаков дайындалды. Сарымсаков 35 жашта. Буга чейин президенттик аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан