“Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевге коюлган диагноздун тактыгын изилдеген эки медициналык комиссия бир чечимге келе албай жатышат”,- деди бүгүн, 16-майда Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушун жана өлкөдөн чыгып кетишин изилдөөчү депутаттык комиссиянын мүчөсү Эркин Сакебаев. Айтымында, көз карандысыз эксперттер чыгарган бир чечимде Батукаевдин ден-соолугу жакшы болгон. Ал эми башка эксперттердин чечими боюнча ал ак кан илдети менен ооруйт. “Депутаттык комиссиянын чечимин пленардык жыйынга алып чыкканда 2 эксперттик топту тең чакырабыз. Калганын депутаттар чечишет. Биз эки тараптын тең чечимдерин уктук”,- деди ал. Ошондой эле комиссиянын чечиминде Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеваны, ЖАМКнын башчысы Зарылбек Рысалиевди, вице-премьер-министр Шамиль Атахановду жумушунан бошотуу каралган. “Менимче, бул маселеде ар бир кадам сайын мыйзам бузуу болгон. Аида Салянова Азиз Батукаев мыйзам чегинде бошотулган деп эрте айтып алды көрүнөт”,- деди эл өкүлү.